ПРОФЕССОРДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ОЛИМПИАДА

  • 01.12.2022
  • 0

Аксы районундагы Ш.Тойматов атындагы мектепте экономика илимдеринин доктору, профессор Расулбек Узенбаевдин жаркын элесине арналган олимпиада өткөрүлдү.

ПРОФЕССОРДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ОЛИМПИАДА

Олимпиада математи ка, кыргыз тили жана кыргыз адабияты предметтеринен ЖРТга даярдоо багытында өткөрүлдү. Катышуучуларга ар бир предметтен 20дан тапшырма берилди. Билим таймашына 6-7-класстардан 32, 8-9-класстардан 21, 10-11-класстардан 15 окуучу катышты.

ПРОФЕССОРДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ОЛИМПИАДА
Байге фонду 9500 сомду түздү.
1-орунду ээлеген 6-класстын окуучусу Нышанбаев Байболго, 9-класстын окуучусу Асылбекова Элизага, 11-класстын окуучусу Баялиева Аруукеге Ардак грамота жана 1500 сомдон акчалай сыйлык, 2-орунду ээлеген 3 окуучуга 1000 сомдон,, 3-орунду ээлеген 4 окуучуга 500 сомдон акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.
Мугалимдер олимпиада өткөрүүгө демөөрчү болгон Р.А.Узенбаев агайдын үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең ыраазычылык билдиришти.

Махабат МЫРЗАКАНОВА, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер