ПРЕЗИДЕНТТИН ЖУРНАЛИСТТЕР ҮЧҮН «МЕЙКИН» СЫЙ АКЫСЫ УЮШТУРУЛДУ

  • 12.06.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖУРНАЛИСТТЕР ҮЧҮН «МЕЙКИН» СЫЙ АКЫСЫ УЮШТУРУЛДУ

 Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык  КР Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы уюштурулду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер