ПРЕЗИДЕНТТИК ИНСТИТУТТУН ИШМЕРДИГИНЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 13.12.2017
  • 0

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз  Республикасында Президенттик институттун пайда болуусу, калыптануусу, өнүгүүсү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ПРЕЗИДЕНТТИК ИНСТИТУТТУН ИШМЕРДИГИНЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮИш-чаранын башында  Кыргыз Республикасында Президенттик институттун пайда болуп, анын калыптануусун чагылдырган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Мында катышуучулар  тема боюнча алгачкы маалыматтарга ээ болууга үлгүрүштү.

Конференцияны ОшМЮИнин ректору Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, иш-чаранын негизги багыты мезгилдин актуалдуу темасы экендигин баса белгиледи. Андан кийин   коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаев Президенттик институттун  пайда болуп, калыптануусу өлкөбүздүн эгмендүүлүк жылдарындагы өнүгүү тарыхында өзгөчө орду бар экендиги тууралуу  айтып,  мындай   темадагы иш-чараны  республикадагы жогорку окуу жайлардын арасында биринчи  болуп уюштуруп жаткан ОшМЮИнин жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Генералдык консулунун 3-катчысы  Николай Мешерьяков жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулунун 2-катчысы Чжан Ян куттуктоолору менен бирге жылуу маанайдагы ой-пикирлерин айтып өтүштү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Абдивали Балтабаев өлкөдө Президенттик институттун киргизилиши мамлекеттик башкаруу ыкмасынын жаңыланышы тууралуу баяндама жасады. ОшМУнун биринчи проректору Авазбек уулу Расул өзүнүн баяндамасында  Президенттик институт өзүн актап, азыркы мезгилде өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы  нугуна карай багыт алгандагын белгилеп өттү.

ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Байболот Абытов өзүнүн «Кыргызстанда Президенттик институтту киргизүү жана Президенттерди шайлоо тарыхынан» аттуу илимий баяндамасында Президенттик институттун түптөлүп, өсүп-өнүгүүсү жана көйгөйлөрү боюнча  тарыхый мисалдардын негизинде маалымат берди.        Конференция күндүн экинчи жарымында  өз ишин үч секцияда улантты. Биринчи секциянын катышуучулары  «Кыргыз Республикасынын Президенттик институтунун укуктук негиздери, өнүгүү этаптары, Президенттин мамлекеттеги орду жана ролу» деген теманын астында иштесе, экинчи секция «Кыргыз Республикасынын Конституциялык, укуктук мыйзам ченемдери жана алардын көйгөйлүү маселелери» аттуу темада, үчүнчү секция «Учурдагы гуманитардык жана так илимдердин көйгөйлүү маселелери»  деген теманын багытында ишин улады.  Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы маалымдады.

Бөлүшүү

Комментарийлер