ПРЕЗИДЕНТ TİKAНЫН ТӨРАГАСЫ АБДУЛЛАХ ЭРЕНДИ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 28.09.2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) төрагасы Абдуллах Эренди кабыл алды. Жолугушууда тараптар TİKA менен кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. ПРЕЗИДЕНТ TİKAНЫН ТӨРАГАСЫ АБДУЛЛАХ ЭРЕНДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Мамлекет башчысы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары саламаттык сактоо, айыл чарба лабораториялык инфраструктурасын модернизациялоо, кесиптик-техникалык билим берүү жана «жашыл» энергетика тармагында адистерди даярдоону белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу райондорунда чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, медициналык инфраструктураны чыңдоого жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. ПРЕЗИДЕНТ TİKAНЫН ТӨРАГАСЫ АБДУЛЛАХ ЭРЕНДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Өз кезегинде TİKAнын төрагасы Абдуллах Эрен Мамлекет башчысына Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын жеткирип, Кыргызстандын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасын жогору баалады. Ал агенттиктин жакынкы мезгилде Кыргызстанда ишке ашыра турган жаңы долбоорлору жана демилгелери тууралуу маалымат берди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү