ПРЕЗИДЕНТ ТҮШТҮКТӨ
- 12.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун, ошондой эле Баткен, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен ачык форматта жолугушууларды өткөрдү. 
Мамлекет башчысы аймактардагы эң кыйын күндөр артта калып, чек аралар толугу менен такталганын, коопсуздук камсыздалганын жана жол, энергетика сыяктуу маанилүү социалдык маселелер чечилгенин баса белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө Баткен районунда жана Баткен шаарында бир катар социалдык объектилер, ишканалар ачылып, таза суу, ирригация жана жол курулушу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлгөнү маалымдалды.
Ал эми Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында продукция өндүрүүнүн көлөмү өсүп, көптөгөн жаңы ишканалар, мектептер жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында өнөр жай өндүрүшү жана инвестиция тартуу көрсөткүчтөрү бир кыйла жогорулап, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 3 миллиард сомдук транспорттук-логистикалык комплекс жана Кызыл-Кыя шаарында 71 гектар аянтка жаңы кичи район куруу сыяктуу ири долбоорлор мерчемделүүдө. 
Жолугушуулар учурунда тургундар тарабынан таза ичүүчү суу, сугат суу, жолдорду куруу, пенсиялык камсыздоо жана сот-укук коргоо органдарынын ишинде адилеттүүлүктү камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлүп, Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселелерди дыкат изилдеп, мыйзам чегинде чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
А.К., «КБ»