ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ МОСКВА ШААРЫНДАГЫ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫН МАЙРАМДООГО АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШАТ

  • 22.06.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

«Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер