ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: КЫРГЫЗСТАН – УКУКТУК ӨЛКӨ, МАСЕЛЕЛЕР КҮЧ МЕНЕН ЭМЕС, МЫЙЗАМ АЛКАГЫНДА ЧЕЧИЛЕТ

  • 14.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу толук берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды.

Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат.

Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм.

Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл.

Саясатты токтотуп, ишке өтөлү.

Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды.

Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок.

Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы.

Ошондуктан, парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим,

Кыргызстан – укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет.

Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы».

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер