ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНА БАРАТ 

  • 19.08.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот.

Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышуусу күтүлүүдө.

Иш сапарында Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушат. Анда Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашат.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын  карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышат.  Президент мындан тышкары  өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып кайтат.

Бизге белгилүү болгондой, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.

(М.К.)

Бөлүшүү

Комментарийлер