КОРОНАВИРУСТУН ЖАЙЫЛЫШЫНА ЖОЛ БЕРБӨӨ БОЮНЧА БАРДЫК ЧАРАЛАР КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 27.01.2020
  • 0

Кыргыз Республикасы коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Аблыгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан  Кытай Эл Республикасында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты

КОРОНАВИРУСТУН ЖАЙЫЛЫШЫНА ЖОЛ БЕРБӨӨ БОЮНЧА БАРДЫК ЧАРАЛАР КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду.

Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүм

 

Бөлүшүү

Комментарийлер