ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА БАШКАРУУ КӨНДҮМДӨРҮН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

  • 09.02.2021
  • 0

8-10-февралда Билим берүү жана илим министрлиги облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын/билим берүү усулдук борборлорунун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын жетекчилери үчүн пландаштыруу жана башкаруу көндүмдөрүн жакшыртуу дараметин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүүдө. 

Министр билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечектеги перспективаларынын негизги тармактарына токтолду. “Билим берүүнүн облустук жана райондук структураларынын ишмердүүлүлүгүнүн натыйжаларын жогорулатуу билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча маанилүү түзүлүштөрүнүн бири болуп эсептелет”,- деп баса белгиледи Алмазбек Бейшеналиев.

ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА БАШКАРУУ КӨНДҮМДӨРҮН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Эки күндүн ичинде семинардын катышуучулары ишти пландаштыруу боюнча суроолорду, ар түрдүү деңгээлдеги билим берүү жетекчилеринин ишмердүлүүлүгүн комплекстүү, критериялык баалоону, ошондой эле, жалпы билим берүү мекемелеринин директорлорун жана мугалимдерин аттестациялоо маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары  Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылга Планынын долбоору менен таанышышат, пландаштыруунун көндүмдөрүн, ишмердүлүүлүгүн анализдөөнү жана мониторинг жасоону кичи группаларда иштеп чыгышат.

ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА БАШКАРУУ КӨНДҮМДӨРҮН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адистери төмөнкү темалар боюнча маалымат беришет:

  • «Мамлекеттик стандарт. Базистик окуу планы»;
  • «Билим берүү мекемелерин аккредитациялоо»;
  • «Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасындагы мазмунду жаңылоо»;
  • «Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы»;

ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА БАШКАРУУ КӨНДҮМДӨРҮН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Ошондой эле каржылоо, малекеттик сатып алуу суроолору, билим берүүдөгү юридикалык жана кадр маселелери.

Семинар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун жана Европа Уюмунун долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

 КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер