PISAГА ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН 3100 ОКУУЧУ ПИЛОТТУК ИЗИЛДӨӨГӨ КАТЫШАТ

  • 17.09.2024
  • 0

PISA (Programme for International Student Assessment) — бул эл аралык изилдөө. Ал үч жылда бир жолу өтөт. Эл аралык экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) бүткүл дүйнө жүзү боюнча бул изилдөөнүн уюштуруучусу. Бул изилдөө Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, 16-сентябрдан 15-октябрга чейин өтөт. Милдети — билим берүүнүн эң масштабдуу мониторингинин инструменттерин жана жол-жоболорун апробациялоо.

Талаа изилдөөсүнө тандалып алынган мектептерден 3100 окуучу катышат.

2025-жылы Кыргыз Республикасынын 15 жаштагы окуучулары PISA билим берүүнүн сапатын эл аралык изилдөөнүн негизги этабына катышат.

PISA изилдөөсүнө катышуу Кыргыз Республикасынын окуучуларынын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтык Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү өнүктүрүү багыты, реформалардын натыйжалуулугуна баа берүү болуп калат. Натыйжаларды талдоо окутуунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер