PISA — 2025ке ДАЯРДЫК КҮЧӨТҮЛӨТ

  • 11.03.2023
  • 0

PISA - 2025ке ДАЯРДЫК КҮЧӨТҮЛӨТ

КР ББИМ Кыргызстандын билим берүү системасын «PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга даярдоо боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө» буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, Кыргыз билим берүү академиясы баш болгон республикадагы бардык райондук, шаардык жана облустук билим берүү бөлүм/башкармалык жана усулдук кабинет башчылары жана “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун координациялоо бөлүмүнүн жетекчилери Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгына 2023-жылдын февраль-март жана май айларында 6-класстын окуучуларын тестирлөөнү компьютерди колдонуу менен мектептерде февраль айында 50%, ал эми май айында 70% кем эмес өткөрүүнүн графигин тапшырууга тийиш. Ал эми  жүргүзүлгөн тестирлөөнүн натыйжалары боюнча отчётторду 2023-жылдын 30-мартынан жана 10-июнунан кечиктирбестен 1, 2, 3-тиркемелерге ылайык отчётторду тапшыруу зарыл.

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо улуттук борбору КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына 6-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана тесттердин баалоо критерийлерин аныктоо үчүн жаңыланган тесттик тапшырмаларды жайгаштыруу менен, республикадагы мектептердин 5% окуучуларды жана мугалимдерди камтыган сыноо тестирлөөсүн өткөрсүн.

Бөлүшүү

Комментарийлер