PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨГҮ АЛИШЕР НАВОИ МЕКТЕБИНДЕ ӨТҮҮДӨ
- 10.04.2025
- 0
10-апрель күнү Ош облусундагы окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA — 2025) негизги изилдөөсү Өзгөн шаарындагы № 6 Алишер Навои атындагы орто мектебинде өтүп, ага жалпы 41 окуучу катышууда.
— Ушуну менен Ош облусу боюнча буга чейин жалпы 31 мектепте изилдөө иши жүрдү. Ал эми эртең Өзгөн районундагы № 54 Турдумамат Сарыков атындагы орто мектепте, бүрсүгүнү Жолдошбек Примкулов атындагы орто мектепте жүргүзүлүп, Ош облусундагы изилдөө иши жыйынтыкталат. Тестирлөөгө облустагы 33 жалпы билим берүү уюмунан 1503 окуучу: кыргыз тилинде 1070, орус тилинде 195, өзбек тилинде 241 окуучу катышууда, — дейт Ош билим берүү институтунун директору Г.Турдубаева.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер