PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ НООКАТТАГЫ АМИР ТЕМИР МЕКТЕБИНДЕ ӨТҮҮДӨ

  • 08.04.2025
  • 0

Бүгүн, 8-апрель күнү Ош облусундагы окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA — 2025) негизги изилдөөсү Ноокат районундагы Амир Темир атындагы орто мектебинде өтүп, ага жалпы 42 окуучу катышууда.

PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ НООКАТТАГЫ АМИР ТЕМИР МЕКТЕБИНДЕ ӨТҮҮДӨ

PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ НООКАТТАГЫ АМИР ТЕМИР МЕКТЕБИНДЕ ӨТҮҮДӨ

PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ НООКАТТАГЫ АМИР ТЕМИР МЕКТЕБИНДЕ ӨТҮҮДӨ

— Ушуну менен Ош облусу боюнча буга чейин жалпы 28 мектепте изилдөө иши жүрдү. Ал эми 12-апрелге чейин дагы 5 мектепте улантылат. Тестирлөөгө облустагы 33 жалпы билим берүү уюмунан 1503 окуучу: кыргыз тилинде 1070, орус тилинде 195, өзбек тилинде 241 окуучу катышууда, — дейт Ош билим берүү институтунун директору Г.Турдубаева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер