PISA—2025: ИСА ҮКҮЕВ МЕКТЕБИНДЕ ТЕСТИРЛӨӨ УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

  • 08.04.2025
  • 0

2025-жылдын 7-апрелинде Чүй облусунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы орто мектебинде PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн алкагында тестирлөө ийгиликтүү өткөрүлдү. Сынакка 15 жаштагы 30 окуучу катышты.

PISA—2025: ИСА ҮКҮЕВ МЕКТЕБИНДЕ ТЕСТИРЛӨӨ УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Бул маанилүү иш-чарага Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманалиев Болот Токтоналиевич жана усулдук кабинеттин башчысы Касенова Бегайым Тилековна катышып, окуучуларды  шыктандырып, ак  тилек каалоолорун айтышты.

Тестирлөөгө Билим сапатын өнүктүрүү департаменти жооптуу болуп, уюштуруу жана өткөрүү иштерин Билим сапатын өнүктүрүү департаментинин тест өткөрүү жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, тест администратору Момбекова Гүлжамал Эркимбековна, IT адис Касымбеков Адил көзөмөлгө алды.

Мектеп жамааты тестти жогорку деңгээлде уюштуруп, окуучулар үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздады.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Медетов Калыс Самудиновичке жана жалпы жамаатына көрсөтүлгөн материалдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Венера КАСМАЛИЕВА, мектеп директору

Бөлүшүү

Комментарийлер