PISA -2025 ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨГӨ ДАЯРДЫКТАР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
- 17.11.2022
- 0
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан бекитилген графиктин негизинде жалпы билим берүүчү мекемелерде PISA Эл аралык изилдөөгө даярдыктарды жүргүзүү максатында 6-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун диагностикалоо боюнча тестирлөө иштери башталды.
— Талас шаарындагы N4 орто мектебинде тестирлөө өткөрүлдү. Тесттин жыйынтыгы менен окуучулардын функционалдык сабаттуулугуна мониторинг жүргүзүлөт, анализ жасалат. Натыйжада даярдыктарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, — дейт Э.Байгараева.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер