PISA-2025: ДАЯРДОО БОЮНЧА УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНИН КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

  • 04.04.2023
  • 0

Бүгүн, 4-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин төрагалыгы астында PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңейтилген кеңешмеси өттү.

PISA-2025: ДАЯРДОО БОЮНЧА УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНИН КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

Кеңешмеде мындан аркы кадамдар, иш-аракеттер планынын иш-чараларынын мониторинги, даярдык көрүүдөгү көйгөйлөр, өнөктөштүктүн мүмкүн болгон варианттары талкууланды.

Кыргыз Республикасында PISA-2025 боюнча улуттук долбоорлоо координатору Оңолкан Уманкулова PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдыктын жүрүшү, аткарылган иштер, көйгөйлөр жана алдыдагы пландар ж.б. боюнча презентация жасады.

Бөлүшүү

Комментарийлер