ПЕДПРАКТИКА КАНДАЙ ӨТКӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК?

  • 06.05.2020
  • 0

 

ПЕДПРАКТИКА КАНДАЙ ӨТКӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК?

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде педагогикалык практика боюнча республикалык онлайн конференция болуп өттү

2020-жылдын 30-апрель күнү индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Дистанттык технологияларды колдонуу менен орто кесиптик  билим берүүдө педагогикалык практикаларды өткөрүүнүн ыкмалары” деген темада онлайн конференция болуп өттү. Конференцияга республиканын аймагындагы колледждердин педрактика боюнча жооптуу кызматкерлери, окуу жайлардын жетекчилери, Ош шаардык билим берүү башкармалыгын жана Ош шаарындагы мектептердин өкүлдөрү катышты. Конференцияны ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору Т.Эркебаев сөз сүйлөп, ачып берди. Андан кийин колледждин практика боюнча жетекчиси А. Мамырова “ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде аралыктан педпрактиканын уюштурулушу  жөнүндө” деген темада баяндама жасап, колледжде өткөрүлүүчү педпрактиканын Жобосу менен катышуучуларды тааныштырды жана уюштурулушу боюнча маалымат берди.

ПЕДПРАКТИКА КАНДАЙ ӨТКӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК?

Конференцияда “Аралыктан педпрактиканы өткөрүүдө студенттердин  ИКТны колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу” деген темада ИПКнын директорунун окуу иштери боюнча орун басары С.Мамаев баяндама жасап, студенттердин мектептерде педпрактиканы аралыктан өтүүдө маалымат технологияларынын максаттуу колдонуусу жөнүндө кеп кылды.

Конференциянын жүрүшүндө дистанттык технологияларды колдонуу менен педагогикалык практикаларды уюштурууда жаралган көйгөйлөрдү жана аны жоюнун жолдору талкууланып, сунуштар, суроолор берилди. Конференцияны республикалык деңгээлде өткөрүү демилгесин колго алган индустриалдык-педагогикалык колледждин директору О.Шаимкулов мындай деди:

— Бүгүнкү конференцияда педагогикалык практиканы аралыктан кантип уюштурабыз, студенттерге, мектепте иштеген мугалимдерге, иш алып барган методисттерге кандай жардам беребиз деген суроолорго биргелешип жооп издедик. Мындай көйгөй кеӊири таралгандыктан, конференцияга башка окуу жайлардын да өкүлдөрүн да чакырдык. Баяндамалардан кийин бизге, уюштуруучуларга суроолор берилип, сунуштар айтылды. Ушул сыяктуу конференцияларды өткөрүп, тажрыйба бөлүшүп туруу, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин түзгөн Жобосун бирдиктүү Жобого айлантуу керек деген сунуш айтылды.

Албетте, мындай демилгелүү иштер дагы да уланып, студенттердин билим алуусуна, тажрыйбаны мыкты жүргүзүүсүнө окуу жайыбыз жана жетекчилик кам көрө бермекчи.

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер