ПЕДАГОГДОР БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН РОЛУН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 03.11.2022
  • 0

2022-жылдын 3 жана 4-ноябрында Бишкек шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү илгерилетүү: аймактык перспективалар жана тажрыйба” субрегионалдык конференциясы өтүүдө.ПЕДАГОГДОР БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН РОЛУН ТАЛКУУЛАШТЫ

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, педагогдор, эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр билим берүү тармагында туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы практикаларын колдонуу боюнча тажрыйба алмашат, мектептик билим берүүнү адаптациялоо жана жайылтуу планын иштеп чыгуу үчүн проблемаларды чечүүнүн көйгөйлөрүн Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү концепциясын талкуулашат.

Конференцияга Мектептин билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Самаркүл Умралиева жана бөлүмдүн жетектөөчү адиситер Айнеура Кусеинова жана Ольга Брызгалова катышты. «Биздин өлкөдө туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп баратат, бул ой жүгүртүү жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө өбөлгө түзгөн темаларды жана окутуу ыкмаларын акырындык менен киргизүүгө мүмкүндүк берет», — деди Ольга Брызгалова.

Аймактык жолугушуу климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын азайышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, чыр-чатактар, басмырлоо сыяктуу туруктуу өнүгүүнүн чакырыктары жөнүндө маалымдоого, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдөгү билим берүүнүн ролун түшүнүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер