“ПАССИОНАРИЙЛЕРДИН ДООРУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУҢГУЧ УНИВЕРСИТЕТ”

  • 12.10.2022
  • 0

“ПАССИОНАРИЙЛЕРДИН ДООРУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУҢГУЧ УНИВЕРСИТЕТ”

Ушундай аталыштагы лекцияны А.Даниярова 12-октябрда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде  окуду.

Ага тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигинин, филология факультетинин студенттери, окутуучулары катышты.

“Конок лекция абдан кызыктуу, маалыматтуу, мазмундуу болду. Алгачкы кыргыз интеллигенттери, алгачкы билим берүүчү окуу жайлар боюнча фото көргөзмөлөр уюштурулду. Бул фото көргөзмөдө үй-бүлөлүк, жеке архивдик (А.Даниярованын) фонддогу сүрөттөрү, б.а. жалпы коомчулукка белгисиз фото документтер колдонулду. КИРИНПРОС — жогорку билимдин үрөнүн сепкен Кыргызстан аймагындагы алгачкы окуу жайы боюнча кызыктуу фактылар айтылды. Тарых адистигинин студенттери өздөрү кызыккан суроолору боюнча көргөзмө алдында лектор менен пикир алыша алды, — дейт илим жана инновация боюнча проректор Ишенбекова Нургүл.

“ПАССИОНАРИЙЛЕРДИН ДООРУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУҢГУЧ УНИВЕРСИТЕТ”

А.Даниярова университеттин музейине Ташкенттен мамлекеттик архивден алынган жаңы кыргыз алфавит комитетинин I уюштуруу жыйыны боюнча жана Эл агартуу комиссариатынын (Наркомпрос) алдындагы илимий кеңешме тууралуу фото документтерди белек кылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер