ПАРЛАМЕНТТИК ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ
- 17.04.2026
- 0
2026-жылдын 16–18-апрель Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары үчүн багыттоочу экинчи семинар өткөрүлүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору тарабынан БУУӨП жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.
Семинардын негизги максаты — парламенттин мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана коом алдында отчеттуулук функцияларын натыйжалуу аткаруусун күчөтүү жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.
Иш-чараны Жогорку Кеңештин депутаты Гүлай Машрапова ачып берип, парламенттик ишмердүүлүктүн маанисине токтолду. Ал эми саясий илимдеринин доктору Медеткан Шеримкулов кыргыз парламентинин тарыхы тууралуу баяндама жасады.
Семинарда парламенттик ишмердүүлүктүн конституциялык-укуктук негиздери, мыйзам чыгаруу процесси, парламенттик көзөмөл, лидерлик жана диалог маданияты, адам укуктары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, бюджеттик процесс жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык маселелери талкууланууда.
Ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жана 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасынын парламенттеги орду өзгөчө көңүл борборунда болду.
Иш-чара депутаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана парламенттик институтту чыңдоого багытталган.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти







Комментарийлер