ПАРИЖ 2024. ОЛИМПИАДАГЫ КОҢШУЛАРДЫН ЖЕҢИШТЕРИ БИЗДИН СПОРТЧУЛАРДЫ ДАГЫ ШЫКТАНДЫРАТ
- 29.07.2024
- 0
Коңшу Казакстан менен Өзбекстан эли Париж Олимпиада оюндарында спортчулары алгачкы алтын медалдарды утуп, маңдайы жарыла кубанып турган учуру. Бул жеңиштер кыргызстандык спортчуларды дагы шыктандырууда.
Элдостун олимпиадалык алтын, күмүш, коло байгелери
27-июлда казак боордошторубузду дзюдо боюнча Элдос Сметовдун алтын медалы менен куттуктаган элек. 2000-жылы Сидней олимпиадасында эгемен Кыргызстандын байге эсебин ачкан коло медаль утуп берген казак балбаны Айдың Смагуловдун шакирти Элдос Казакстандын дзюдосунун тарыхында биринчи алтын байге утуп, казак боордошторго кубаныч тартуулаган эле. Элдос Рио-де-Жанейро-2016 Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Токио-2021 Олимпиадасынын коло медалынын ээси, 2015-жылы дүйнө чемпиону, 2022-жылы да дүйнө чемпионатынын коло медаль тагынган. 2010-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону болуп, 2016-жылы Азия чемпиону аталган. Ал 2014-жылкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Дзюдо боюнча “Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери”. Белгилей кетсек, 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште Сметов франциялык Лука Мхидзени өз үйүндө жеңип, олимпиаданын алтын медалын тагынды. Элдос Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин биология жана биотехнология факультетин бүтүргөн. Ал учурда үч баланын атасы. Элдостун атасы Бактыбай-жеке ишкер, апасы Токтагүл-үй кожойкеси. Агасы Жандос да профессионалдуу түрдө дзюдо, самбо менен машыгат. Бакберген деген агасы да самбо күрөшү менен машыккан. Элдос талбай машыгууларынын, мээнетинин үзүрүн көрүп, өлкөсүн дүйнөгө таанытып, Олимпиадалык оюндарда алтын, күмүш жана коло байге уткан казакстандык алгачкы балбан.
Дзюдочу Диёра Париж олимпиадасынын чемпиону
28-июлда дзюдочу Диёра Келдиёрова Өзбекстандын тарыхында дзюдо боюнча биринчи Олимпиада алтын медалын жеңип алганы кубанычтуу окуя болду. Анын үстүнө жеңишке жетүү жолунда өзбекстандык кыз Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, италиялык Амандин Бушарды, ошондой эле эки Олимпиада чемпионун жеңип алганы чыныгы эрдик эле. Ошондой эле чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө Диёра Келдиёрова 52 килограммга чейинки салмакта Токио Олимпиадасынын чемпиону, жапониялык Юта Абени утуп алуу менен дагы сенсация жаратты. Ал эми чемпиондук наам үчүн чечүүчү кармашта өзбекстандык кыз 48 килограммга чейинки салмак категориясында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, бул Олимпиадада ушул салмакка көтөрүлгөн косоволук Дистрия Красникини жеңип, Париж олимпиадасынын алтын медалын тагынды.
26 жаштагы Диёра Бахтиёровна Келдиёрова Азия
чемпиону, Дүйнө чемпионатынын жана Аскердик дүйнөлүк оюндардын байге ээси. Дзюдо боюнча Чоң шлем турнирин жеңген биринчи өзбек кызы.
2019-жылы Азия чемпионатында 52 килограммга чейинки салмак ченинде турнирдин финалында монголиялык дзюдочу Лхагвасурэнгийн Сосорбарамды жеңип, алтын медаль тагынган. Неаполдогу (Италия) Жайкы Универсиадада 52 кг салмакта коло медалга ээ болгон. Ал ошондой эле Вухандагы (Кытай) Жайкы Аскердик Дүйнөлүк оюндарында үчүнчү орунду ээлеген. 2021-жылы Анталияда (Түркия) өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде финалда испаниялык Эстрелла Лопести жеңген. Ал дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде алтын уткан биринчи өзбек кызы болгон.
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында биринчи беттешүүдө монгол дзюдочусу Лхагвасурэн Сосорбарамга утулуп калган. 2023-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында жапониялык Ута Абеге утулуп, күмүш медаль тагынган. 2024-жылдын апрель айында өткөн Азия чемпионатында коло медаль уткан. Быйыл 20-майында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дүйнө чемпионатта финалда италиялык спортчу Одетта Джиффридеге утулуп, күмүш медаль тагынган.
28-июлда Парижде финалда косоволук спортчу Дистрия Красникини жеңип, Олимпиада чемпиону аталып, Диёра Өзбекстандын тарыхында Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча алтын уткан биринчи спортчу болду. Ал олимпиадалык алтын медалы үчүн Өзбекстандын өкмөтү белгилеген 200 миң АКШ долларын акчалай сыйлык катары алат.
Чынында кошуналардын жеңиши биздин спортчуларды да шыктандырат!!! Ошентип Казакстан менен Өзбекстандын дзюдочулары буга чейин болуп көрбөгөн бийиктикке жетип, Олимпиада оюндарында өз өлкөлөрүнө дзюдо боюнча тарыхта алгачкы алтын медалдарды тартуулап, тарых жаратышты!
Кыргыз спортчулары келме кезегин күтүүдө
28-июлда Кыргыз балбаны Кубанычбек Айбек уулу үчүн Париж олимпиадасын чоң сабак болуп, алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, украиналык Богдан Ядовго иппон ыкмасы менен жеңилип, мелдештен четтеп калды.
Кыргызстан үчүн эми 31-июлда Эрлан Шеров намыска жарап, байгелүү орунга жетүүсүнө тилектешпиз! Париж олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун көтөрүп чыккан дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеровдон үмүт кылып, колдоого алып туралы. Анын алгачкы аттандашы кубалык Силва Моралез болмокчу.
30-июлда Париж олимпиадасынын сууда сүзүү мелдештеринде Кыргызстандын намысын Азия чемпиону Денис Петрашов коргойт. Ал эркектер арасында 200 метрге брасс ыкмасындагы сүзүү мелдешине катышат.
27-июлда Париж жайкы Олимпиада оюндарындагы сууда сүзүү боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештерине кыргызстандык суучул Денис Петрашов катышып, 23-орун менен чектелген. Ал эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасындагы сүзүүдө өзүнүн тобундагы сегиз атаандашынын акыркысы болуп келип, (1 мүнөт 0,42 секунд) кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актай алган эмес. Бул жыйынтык менен ал жарым финалга чыкпай калган эле.
Эми Денис Петрашов 30-июлда 200 метрге брасс ыкмасындагы жарышта атаандаштарынан алдыга озуп келүүгө аракет кылышы зарыл. Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң таасирдүү спорттун бири болгон сууда сүзүү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барып, байгелүү орундар үчүн мөрөй талашууда. Эл аралык сууда сүзүү уюмунун маалыматы боюнча мелдештерге катышып жаткандардын 463чү эркек, 391и кыз-келиндер болуп саналат. Сууда сүзүүдө жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медаль жеңүүчүлөргө ыйгарылып жатат. Мында австралиялык, германиялык, америкалык, франциялык, италиялык жана жапониялык суучулдар айырмаланып, байгелүү орундарды ээлеп жатат. 24 жаштагы, эл аралык спорт чебери Денис Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышууда. Ал 16 жашында 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс ыкмасындагы жарыштарга катышып, байгелүү орунга жеткен эмес.
Токиодогу Олимпиада оюндарында Петрашов 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө марага 1 мүнөт 00.23 секундда келип, 27-орунду ээлеген.
Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдакы фамилиясы Рогожникова) 3-августа кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдеште өлкө намысын коргойт.
Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган балбандар учурда Ысык-Көлдө соңку машыгууларын өткөрүп, 1-августта Париж шаарына аттанып кеткени камылга көрүп жатышат. Ишенимди ушул балбандарыбыз гана актаганы тургандыктан, сүрөөнгө алып, колдоп туралы.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 12 олимпиадасынын катышуучусу, «Кут Билим»
Комментарийлер