ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫ

  • 12.08.2024
  • 0

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫАр бир төрт жылда жайкы, кышкы Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндар дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды телекөрсөтүү алдында чогулуп, бирде күйүнтүп, бирде сүйүндүрөт. Бул жылы  олимпиаданы үчүнчү ирет кабыл алган Париж оюндары эсте калчу көз ирмемдер, рекорддор жана кыз-келиндер жана эркектердин бирдей катышуусу менен өзгөчөлөндү. Грекиянын Афина шаарында  1896-жылы заманбап олимпиаданын алгачкы отун жандыргандан бери бүгүнкү күнүбүзгө чейин таасири жанбай, улам бир бийиктиктер менен уланып келүүдө. Париж 2024 жайкы олимпиада оюндары  11-август күнү расмий салтанат менен жабылды.  

Олимпиада- спорттук ийгиликтердин туу чокусу

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫАкыркы жылдары спорттогу гендердик теңчилик боюнча жетишкендиктер кыйла өстү десек жаңылбайм. Бул теңчиликти 2024 Париж олимпиадасынан байкоого болот. Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу Парижде спортчулардын 50 пайызы кыз-келиндер болсо 50 пайызы эркектер болду. Бул олимпиада көптөгөн кыз-келиндерге үмүт жаратты. Себеби, спортто жүргөн ар бир кыз-келин олимпиада оюндарына барууну, байгелүү орундарды жеңип алууну арзуу менен тилек кылат.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫАнткени, Олимпиада спорттук ийгиликтердин, жеңиштердин туу чокусу. Дүйнөнүн булуң-бурчунан тандалып келген эң күчтүү спортчулардын атаандашып, мөрөй талашуу үчүн  чогулган жери. Олимпиада оюндары бир гана спорт сүйүүчүлөрүн эмес, жадакалса карапайым калктын да кызыгуусун, талкуусун жаратып, бүйүрүн кызытып келет. Жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндө спорт күйөрмандары арбын болуп баратат. Кыргыз эли буга чейинки олимпиадалык оюндарга салыштырмалуу 2024 Париж олимпиадасын кызуу, сүрөөн менен көргөнүн  алыста жүрсөм дагы байкадым.

Кыргыздын ар бир спортчусу мөрөй талашууга чыкканда аны менен кошо жарышка чыккандай чарчаса чарчап, сүйүнсө кошо сүйүнүп, ыйласа кошо ыйлап, айтор бул олимпиада көпчүлүктүн жүрөгүн козгоп, спортко болгон сүйүүсүн, кызыгуусун ойготту. ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫТокио олимпиадасында коло медаль тагынган дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону Мээрим Жуманазарова колунун жаракатына карабай, намысты туу кылып, финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынганы алтын байгеге тете болгонун Президент Садыр Жапаров баса белгилеп, кийинки олимпиадалык оюндарда ийгиликтерге жетүүсүн тилеп, жаштарга үлгү, өрнөк болгондуктары үчүн ыраазычылыгын билдирген эле.

Акыркы секундда 6:0 эсебинде утулуп жатып, коло байгени атаандашынан “жулуп” алган, жаракатына карабай эрдик көрсөткөн Айсулуу Тыныбекованын каармандыгы жаштарга үлгү, өрнөк болду.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫ

Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбековдун коло байге утуп алышы, олимпиада атаандаштык абдан курч болгонун далилдеп турат. Кыргыз эли алардан алтын медаль үмүт кылганы менен олимпиадалык таймашууларга дүйнөнүн тандалган спортчулары катышаары, бир каталык менен  оомат кимге ооп кетээрин көрдүк. Кыргыз спортунун тарыхында бокс боюнча алгачкы олимпиадалык күмүш байге уткан Мунарбек Сейитбек уулунун ийгилиги артында талыбаган мээнет, машыгуулар турганы айкын. Байгелүү орундарга бир кадам жетпей калган Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу жана Айаал Лазарев үчүн чоң сабак болду.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫ

Муну менен Олимпиаданын тарыхында эгемен өлкө болгону Кыргызстан жайкы оюндарда 14 медалга ээ болуп калды.  2000-жылы Сидней олимпиадасында  дюздочу Айдың Смагулов коло медаль утуп, байге эсебин ачса, 2008-жылы Бээжин олимпиадасында балбандар Канат Бегалиев-күмүш, Руслан Түмөнбаев менен  Базар Базаргуриев- коло медаль тагынган. Токио олимпиадасында дагы балбандар Акжол менен Айсулуу -күмүш, Мээрим-коло байгелүү болушкан.

Париж олимпиадасына катышкан кыргызстандык суучулдар, дзюдочулар жана марафончу байгелүү орундарга илинбей, жайдак келишти. Айрымдар олимпиадага жөн гана “турист” болуп барганы сынга да алынды.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫОшондой эле, бул жолку Олимпиада оюндарынын эң эле эсте калган учуру Түркиялык мерген олимпиаданын күмүш медаль ээси Юсуф Дикечтин өзгөчө позициясы болду десек болчудай. Ал көпчүлүктүн ок атуу спортуна кызыгуусун жаратып, медиа жылдызга айланды. Жадакалса олимпиада бүтөлө элек жатып, дүйнөлүк телекөрсөтүүлөр анын анимациялык мультфильмин чыгарууга жетишти.

Кыргыздын көзгө атаар мергендери карышкыр, кийик атканына гана маашыр болбой, Москва олимпиадасынын чемпиону Александр Мелентьевдин жолун, салтын улантып, олимпиадалык бийиктиктерди багынтууга мезгил жеткенин коңгуроо кылалы.

Парижде Олимпиада медалына байыган өлкөлөр 

Кайсыл гана өлкө, кайсыл гана спортчу болбосун баары бирдей олимпиаданын медалын жеңип алууну самап, аруу тилек кылышат. Жүрөктөрдү толкундаткан олимпиадалык таймаштын башталышы менен жеңүүчүлөргө медалдарды тапшыруу аземдери да салтанат менен өткөрүлдү.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫКүн сайын спортчулардын бири сүйүнүп, медаль тагынса, бирлери жеңилүү ызаасын тартып ыйлап да жатты. Ыйлаганы да, сүйүнгөнү да баары күчтүү спортчулар. Себеби, олимпиадагы эң күчтүүлөр тандалып, жолдомо утуп алуу менен барат эмеспи. Бирок, бул спорт бирде жеңилүү, бирде жеңүү бар. Ошентсе да, ар спорчу өз өлкөсүнө алтын медаль менен кайтууну самайт. Ар бир өлкө, күйөрмандары өзүнүн спортчусунан медаль күтөт. Ал эми олимпиаданын алтын медалы кайсыл бир өлкөнүн тарыхын жаратат. Бул жолку олимпиада оюндарынын эң көп медалын АКШнын спортчулары илип кетти.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫАмериканын спортчулары 40 алтын, 44 күмүш жана 42 коло медаль менен жалпы командалык эсепте  1-орунга чыкты. 2-орунда Кытай Республикасынын спортчулары 40 алтын, 27 күмүш жана 24 коло медаль менен өлкөсүндө сүйүнүч менен кайтты. 3-орунда Япония 20 алтын, 12 күмүш, 13 коло медалдын ээси болду. Болгону 2 алтын жетпей 4-орунда калган Австралиянын спортчулары 18 алтын, 19 күмүш, 16 коло алса, олимпиадага кожойундук кылган Франциянын спортчулары өз үйү Парижде 16 алтын, 24 күмүш жана 22 коло медаль менен 5-орунга илинди.

Борбор Азиядан Өзбекстан айырмаланып, алар 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байге утуп алышып, 13-орунга илинди. Казакстан 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло медаль утуп, 43-орунга турду.  6 медалы менен Кыргызстан 68-орунга чыкты. 3 коло байгелүү болгон Тажикстан 79-орун менен чектелди.

Жайкы олимпиада оюндарынын таймашуулары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин атаандаштык маанайда өттү.

Дүйнө жана олимпиада рекорддору жаңырды

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫ2024 Париж Олимпиадасы унутулгус мелдештерге гана күбө болбостон, көптөгөн жаңы дүйнөлүк жана олимпиадалык рекорддор жаңырган окуялар менен тарыхта калды. Таяк менен  бийиктикке ойкум секирүүчү швециялык спортчу Арман Дуплантис 6,25 метрден секирип, дүйнөлүк рекордду жаңылады. АКШнын командасы 4×400 эстафета жарышында 3:07.41 убакыт менен дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Америкалык сууда сүзүүчү Бобби Финке 1500 метрге эркин сүзүүдө 14:30.67 убакыт менен дүйнөлүк жана олимпиадалык рекорддорду жаңыртып, алтын медаль тПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫагынды. Кайра эле сууда сүзүүдө франциялык Леон Маршан 400 метрлик жеке жарышта жана 200 метрге баттерфляй ыкмасындагы жарышында Олимпиада рекорддорун жаңыртып, Францияга эки алтын медаль тартуулады. Кытайлык Пан Жанле да 100 метрге эркин сүзүүдө 46,40 секунда менен дүйнөлүк рекордго жаңы чек койду. Голландиялык велоспортчу Харри Лаврейсен эркектер арасындагы 200 метрлик старт жарышында 9,088 секундда марага жетип, дүйнөлүк рекорддун ээси болду. Германиянын аялдар командасынын жөө күлүктөрү Паулин Грабош, Эмма Хинце жана Леа Фридрих марага 45,377 секунда келип, дүйнөлүк жаңы рекорддун ээлери болушту . Кайра эле Голландиянын велоспортчу эркектер командасы жарыштын спринт түрү боюнча 40,949 секундда марага жетишип, дагы бир дүйнөлүк рекорд жаңырды. Польшалы

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫк жөө күлүк Александра Мирослав кыз-келиндер арасындагы жарышта 6,06 секунддук ылдамдык менен өзүнүн дүйнөлүк рекордун жаңыртып, алтын медалга ээ болду. Америкалык альпинист Том Уотсон ыкчамдыгы менен 4,74 секунда ичинде жаңы дүйнөлүк рекордду жаңылап, алтын медаль тагынды. Болгариялык Карлос Насар 89 кг салмакта оор атлетикадагы түртүп көтөрүү боюнча күч сынашууда 224 кг штанганы көтөрүп, дүйнөлүк рекордчу аталды. Түштүк Кореялык О Йе Жин кыз-келиндер арасында 10 метрге пневматикалык тапанчадан атуу боюнча финалда 243,2 упай менен Олимпиада рекордун жаңылады. Ошондой эле Кытайлык Шэн Лихао эркектер арасында 10 метрге пневматикалык мылтык атуу боюнча мелдеште 252,2 упай менен Олимпиада рекордду жаңыртып, олимпиада чемпиону болду.

Париж талисманы-тумары жана медалы  

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫОлимпиаданын тарыхында өлкөлөр өздөрүнүн маданий мурастарын таанытуу жана дүйнөгө көрсөтүү үчүн Олимпиада жарыштарынын символу катары талисмандарды, тумарды тандап алышат. Анда жергиликтүү фигураларды колдонуу менен көбүнчө жаныбарлардын образы менен берилип жүрчү.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫБул жолку 2024 Париж олимпиада оюндарынын талисманы Франциянын эркиндик символу болгон Фригия шляпа баш кийими болду. Бул баш кийим Франциянын тарыхында 1789-жылдагы Француз революциясынан бери өзгөчө белгилүү болуп, брендге айланып келет.

Олимпиада оюндарындагы спортчулардын кийимдеринен тартып, медалдарга чейин көптөгөн дизайн өзгөчөлүктөрүнүн ар биринин мааниси бар. 2024 Париж Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына арналган медалдарды белгилүү француз зер буюмдарын чыгарган Chaumet бренди жасалган. Chaumet тарабынан иштелип чыккан медалдар Париждин кооздугун жана тарыхый мурасын чагылдырат жана спортчуларга сунушталган эң престиждүү сыйлыктардын бири болуп саналат. Медалдардын алдыңкы бетинде жеңиштин классикалык символу жана  артында Париждин символдору көрсөтүлгөн. Бардык медалдын ортосунда Эйфель мунарасынын кайра реконструкциялоо учурундагы темиринен кесилип, орнотулган.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫФранциянын улуттук символу Эйфель мунарасы Улуу француз революциясынын жүз жылдыгына арналып 1889-жылы курулган. Башында Париждеги бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө кирүүчү арка катары гана кызмат кылган. Мунара архитектор Александр Гюстав Эйфелдин урматына аталган. Эйфелдин өзү аны жөн гана 300 метрлик мунара деп атаган. Анын каптал жактарында 72 көрүнүктүү франдуз окумуштууларынын ж. б. адамдардын ысымдары жазылган (ар бир тарабында 18ден ысым). Эйфель мунарасы жогору карай 3-деңгээлге чейин 1710, 2-деңгээлге чейин — 674,1-деңгээлге чейин — 347 тепкич бар. Эйфель мунарасы курулгандан 20 жыл өткөндөн кийин аны бузуп, металлдарды жок кылуу пландаштырылган, бирок бул ишке ашкан эмес. Эйфель мунарасы курулгандан бери ага 200 млндон ашык адам кирген. Мунара дүйнөнун эл көп келип, сүрөткө көп түшкөн жайы болуп саналат. Эйфель мунарасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Олимпиаданын жабылуу аземи

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫФранциянын борбору Париж убактысы боюнча кечки саат 9да 2024 Париж жайкы олимпиада оюндары салтанаттуу жабылды. 16 күнгө созулган олимпиаданын жабылыш аземи да эң бир сонун көз ирмемдер менен аяктады. Алгач Франциянын борборундагы «Станд де Франс» стадионунда ар бир өлкөнүн делегаттары өздөрүнүн желектерин кармап, параддан өтүштү. Салтанаттуу жабылыш аземинде Кыргызстандын туусун Парижде коло байге уткан  Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыкты.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫСпортчулардын келиши менен Франциянын атактуу ырчылар ыр арнап, шоу программа болду. Аркасынан Олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасы Тони Эстангует  “Олимпиада башталгандан бери эң бир сонун толкунданууларда жашадык. Рекорддор жаңырды, эң эле маанилүүсү бул олимпиадада кыз-жигит түгөйлөр үйлөнүү сунушун кылып, колун сурашты. Бул сүйүүнүн, махабаттын белгиси. Спорт да сүйүүнүн бир символу. Спортчулар силер укмуштуудай мыктысыңар, силер бизди кубандырдыңар. Олимпиадага катышкан спортчуларга, коопсуздук кызматчыларына, спорт ышкыбоздоруна жана бизди колдогон баардык күйөрмандарга рахмат айтам” деп кезектеги сөздү Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК)  Президенти, олимпиада чемпиону Томас Бакка берди.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫЭОКтун Президенти Томас Бак “2024 Париж олимпиадасы спортчулардын жана спорттун эң мыкты майрамы болду. Ар бир мелдеш кемчиликсиз өтүп, бүткүл дүйнө кубанды. Биз адамдар жеңиштерге жетүүгө жөндөмдүү экенибизди далилдедик. Учурдагы согуштарды, чыр-чатактарды токтотууга чакырыктар болуп, тынчытыкта жашоого дүйнө калкына коңгуроо болду”- деген кубанычтуу сөздөрүн билдирди.

Олимпиада желеги ылдый түшүрүлүп, Париж шаарынын мэри Энн Идальго  ЭОКтун Президенти Томас Бакка өткөзүп берди.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫПрезидент Бак Олимпиада желегин Лос-Анжелстин эмери Карен Баска салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Салтанаттын эң кызыктуу бөлүгү ушул учур болду. Белгилүү америкалык актер Том Круиз Стадиондун чатырынан аркан менен секирип түштү. Америкалык гимнаст Симон Билз менен саламдашып, анын колундагы олимпиада байрагын алып, мотоциклдын аркасына желбиретип тагып, стадиондон алып чыгып кетти. Париждин көчөлөрүн аралап өтүп, учакка кирди жана Американы көздөй учту.  Лос-Анжелесте эстрада жылдыздары шоу концерт берип, олимпиаданын эстафетасын кабыл алышты.ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫ Чындыгында эле олимпиаданын жабылуу салтанатты керемет толкунданууларды жаратты. Бирок, Парижде олимпиада бүтпөдү 2 жумадан кийин кайрадан Паралимпиада оюндары башталат. Франция желеги Паралимпиадачыларга тапшырылды.

Парижде Паралимпиаданын оту жанат

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫПариж шаарында  28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндарынын оту жанып,   ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар мөрөй талашат.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫПариждеги Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын төрт спортчусу  аттанып, өлкө намысы үчүн таймашууларга катышат. Алар пара спортунун төрт түрү боюнча беттештерде күч сынрашат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева, пара жеңил атлетика жарыштарына Гүлназ Жүзбаева, пара дзюдо күрөшүндө Маматибраим Суранов жана пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы мелдештерге катышат.

ПАРИЖ-2024: ОЛИМПИАДА ЭСТЕ КАЛААРЛЫК КӨЗ ИРМЕМДЕР МЕНЕН АЯКТАДЫОшентип 2024 Париж жайкы олимпиада оюндарынын оту өчүрүлүп, ЭОКтун Президенти Томас Бак “Олимпиада жабылды” деп жарыялады.

Эми кийинки жайкы олимпиада оюндары 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелс шаарында өткөрүлөт. Алдыдагы 4 жылдын ичинде кыргыздын уул-кыздары күчкө толуп, буюрса кийинки олимпиаданын алтын медалдарын тагынат деген тилектемин.

Бермет НУР,  

Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, спорт баяндамачы

(Атайын “Кут Билим” гезити үчүн)

Бөлүшүү

Комментарийлер