ПАРИЖ-2024: МУШКЕР МУНАРБЕК ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
- 04.08.2024
- 0
3-августтан 4-августка караган түнү кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн кубанычтуу окуя болду. Бокс боюнча олимпиадалык мелдеште кыргыз жигити, эл аралык спорт чебери, 2023-жылы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты.
Бул кыргызстандык мушкер Мунарбектин XXXIII Олимпиада оюндарында алтын медалы үчүн күрөшүн улантууга жолун ачкандыкты билдирет. Жарым финалга чыгуу үчүн беттеште мушкерибиз 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, 2022-жылкы Панамерикалык чемпионаттын күмүш байге ээси, 2023-жылкы Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү, америкалык Жамал Харвини жеңип алды. Ошентип, Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы кыргызстандык мушкер болуп саналат. Анткени жарым финалга чыгуу мушкерлерге жок дегенде коло медалы чөнтөктө деген кеп. Бирок, биздин намысты туу кылган жигит Алтын байге үчүн аракет кылмакчы!!!
Финалга чыгуу үчүн жарым финалдык беттешүүдө Мунарбектин атаандашы Болгариянын желеги астында таймашка чыгып жаткан дагы бир кубалык Хавьер Диас болмокчу. 28 жаштагы теги кубалык болгариялык мушкер. Бокс боюнча Болгариянын улуттук курама командасынын мүчөсү, буга чейин Куба курама командасынын мүчөсү болгон. 2023-жылы Европа оюндарынын чемпиону, Европа чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси, Панамерика чемпионатынын күмүш медалын уткан. 2014-жылы жаштар Олимпиадасынын чемпиону жана жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Ал чейрек финалда жапониялык атаандашын утуп алды.Ош Мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимпиада оюндарына алгачкы жолу катышууда.
Эскерте кетсек, ачылыш беттешинде Мунарбек 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси кубалык Орта Сейдельди жеңген.
Мунарбек Сейитбек уулунун кыскача өмүр баяны
Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында төрөлгөн. Жердиги Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылынан болот. 2004-жылдан бери бокс менен машыгат.
2016-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Эл аралык даражадагы спорт чебери. Кыргызстандын көп жолку чемпиону.
Билими:
Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультетин бүтүргөн.
Жетишкендиктери:
2018-жылы Студенттер арасында бокс боюнча өткөн дүйнөлүк биринчиликте коло байгелүү болгон.
2019 -жылы Бишкек шаарында бокс боюнча өткөн чемпионатында 2-орунду ээлеген.
2023-жылы Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Ал Ташкентте дүйнө чемпионатында жарым финалга өтүү үчүн тажикстандык Асрор Вахидов менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгы менен жеңиш кыргызстандык боксчуга берилген. Финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Абдумалик Халоков менен таймашып, утулуп калып, Кыргызстандын бокс тарыхында алгач ирет коло байгелүү болгон.
2024-жылы Испаниядагы бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль уткан.
2024 -жылы Таиланда өткөн лицензиялык мелдеште коло медаль алып, Париж Олимпиадасына жолдомо алган.
Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг салмакта күч сынашкан кыргыз мушкери жарым финалда украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калган. Ал эми жолдомо үчүн чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын өкүлү Сачинди судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип, Олимпиада оюндарына жолун ачкан.
Бокс сырын, ыкмаларын үйрөткөн алгачкы жана жеке устаты Беганас Султанбаев. Чеберчилигин жогорулатууга салым кошуп, колдоого алып келгендер: устаттары Ош облусу боюнча башкы машыктыруучу, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Турдаали Оморов, өлкөнүн башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу, улук устат Акыйкат Абаев, Улан Сагынбаев жана Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин директору Абдуалим Исманов болуп саналат.
Былтыр дүйнө чемпионатында коло байге утуп келгенде өлкө президенти Садыр Жапаров Мунарбекти ийгилиги менен куттуктап, Ош шаарынан батир белек кылып, дагы жеңиштерди каалап, шыктандырган.
Мунарбекти, Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулун, спортчунун устаты Беганас Султанбаевди, Үмбөталы Кыдыралиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясын, ушул уюмдун Ардактуу президенти Камчыбек Ташиевди жана жалпы кыргыз элин алгачкы жеңишибиз менен куттуктайбыз!!! Кыргызстандын намысын олимпиадада коргоп жаткан Мунарбектин жарым финалдык беттеш 8-августта Париж убактысы боюнча 21.30да болот.
Мунарбек Сейитбек уулуну колдоп, суроонго алалы!!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 12 олимпиаданын катышуучусу,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер