ПАРИЖ 2024. МАРА, МЕЛДЕШ, МӨРӨЙ
- 01.08.2024
- 0
Учурда Париж олимпиадасынын таймашуулары курч мүнөздө өтүп жатат. Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын спортчулары алгачкы алтын медалдарды утуп, маңдайы жарыла кубанып турган учуру. Бул жеңиштер кыргызстандык спортчуларды дагы шыктандырууда. 1-августта олимпиадага жолдомо алган кыргызстандык 10 балбан Париж шаарына аттанып кетишти.
Элдостун олимпиадалык алтын, күмүш, коло байгелери
27-июлда казак боордошторубузду дзюдо боюнча Элдос Сметовдун алтын медалы менен куттуктаган элек. 2000-жылы Сидней олимпиадасында эгемен Кыргызстандын байге эсебин ачкан коло медаль утуп берген казак балбаны Айдың Смагуловдун шакирти Элдос Казакстандын дзюдосунун тарыхында биринчи алтын байге утуп, казак боордошторго кубаныч тартуулаган эле. Элдос Рио-де-Жанейро-2016 Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Токио-2021 Олимпиадасынын коло медалынын ээси, 2015-жылы дүйнө чемпиону, 2022-жылы да дүйнө чемпионатынын коло медаль тагынган. 2010-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону болуп, 2016-жылы Азия чемпиону аталган. Ал 2014-жылкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Дзюдо боюнча “Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” . Белгилей кетсек, 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште Сметов франциялык Лука Мхидзени өз үйүндө жеңип, олимпиаданын алтын медалын тагынды. Элдос Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин биология жана биотехнология факультетин бүтүргөн. Ал учурда үч баланын атасы. Элдос талбай машыгууларынын, мээнетинин үзүрүн көрүп, өлкөсүн дүйнөгө таанытып, Олимпиадалык оюндарда алтын, күмүш жана коло байге уткан казакстандык алгачкы балбан. Казакстандык спортчулар мындан башка дагы эки коло байге утуп алышты.
Дзюдочу Диёра Париж олимпиадасынын чемпиону
28-июлда дзюдочу Диёра Келдиёрова Өзбекстандын тарыхында дзюдо боюнча биринчи Олимпиада алтын медалын жеңип алганы кубанычтуу окуя болду. Анын үстүнө жеңишке жетүү жолунда өзбекстандык кыз Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, италиялык Амандин Бушарды, ошондой эле эки Олимпиада чемпионун жеңип алганы чыныгы эрдик эле. Ошондой эле чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө Диёра Келдиёрова 52 килограммга чейинки салмакта Токио Олимпиадасынын чемпиону, жапониялык Юта Абени утуп алуу менен дагы сенсация жаратты. Ал эми чемпиондук наам үчүн чечүүчү кармашта өзбекстандык кыз 48 килограммга чейинки салмак категориясында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, бул Олимпиадада ушул салмакка көтөрүлгөн косоволук Дистрия Красникини жеңип, Париж олимпиадасынын алтын медалын тагынды. 26 жаштагы Диёра Бахтиёровна Келдиёрова Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын жана Аскердик дүйнөлүк оюндардын байге ээси. Дзюдо боюнча Чоң шлем турнирин жеңген биринчи өзбек кызы. Ал Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында биринчи беттешүүдө монгол дзюдочусу Лхагвасурэн Сосорбарамга утулуп калган. Диёра Өзбекстандын тарыхында Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча алтын уткан биринчи спортчу болду. Ал олимпиадалык алтын медалы үчүн Өзбекстандын өкмөтү белгилеген 200 миң АКШ долларын акчалай сыйлык катары алат.
Чынында кошуналардын жеңиши биздин спортчуларды намыска бөлөп, шыктандырат.
Кыргыз дзюдочулар үчүн сабак
28-июлда Кыргыз балбаны Кубанычбек Айбек уулу үчүн Париж олимпиадасын чоң сабак болуп, алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, украиналык Богдан Ядовго иппон ыкмасы менен жеңилип, мелдештен четтеп калган эле.
31-июлда Париж олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун көтөрүп чыккан дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеровдон үмүт кылган элек. Ал алгачкы аттандашы кубалык Силва Моралезди уткан. Чейрек финалда Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды. Бул олимпиада таймаштары кыргыз дзюдочулары үчүн сабак болду.
Үч олимпиадага катышкан Петрашов байгеге илинбеди
30-июлда Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзүп, анда 25 спортчудан 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыккан. Жарым финалда марага 14-болуп келип, байгелүү орунга илинген жок.
27-июлда Париж жайкы Олимпиада оюндарындагы сууда сүзүү боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештерине кыргызстандык суучул Денис Петрашов катышып, 23-орун менен чектелген. Ал эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасындагы сүзүүдө өзүнүн тобундагы сегиз атаандашынын акыркысы болуп келип, (1 мүнөт 0,42 секунд) кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актай алган эмес.
24 жаштагы, эл аралык спорт чебери Денис Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышууда. Ал 16 жашында 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс ыкмасындагы жарыштарга катышып, байгелүү орунга жеткен эмес.
Токиодогу Олимпиада оюндарында Петрашов 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө марага 1 мүнөт 00.23 секундда келип, 27-орунду ээлеген. Денистин атасы Евгений Петрашов дагы Атланта, Сидней, Афина олимпиадаларына сууда сүзүү мелдештерине катышып, ийгилик жарата алган эмес.
Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдакы фамилиясы Рогожникова) 3-августа кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдеште өлкө намысын коргойт.
Мушкер Мунарбектин алгачкы жеңиши
Париждеги оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. 1-августка караган түнү Сейитбек уулу 1/8 финалда 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригез дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде калыстардын чечими менен утту. Мелдештин 3-раундунда кубалык жигиттин кашы жарылып, кан токтобой агып, ортодогу калып, беттешүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болду. Эми ал 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери, дүйнө чемпиону Жамал Харви менен беттешет.
Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Ал жайкы олимпиада оюндарына алгачкы жолу катышууда.
Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.
Үмүт жандырган балбандар Парижге барышты
Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган балбандар Ысык-Көлдө соңку машыгууларын өткөрүп, 1-августта Париж шаарына аттанып кетишти.
5-августта грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта дүйнө, Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков менен кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта Азия, дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова таймашууларын баштайт.
6-авгусста олимпиадалык күч сынашууларда грек-рим күрөшүнөн 77 кг. салмакта дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков багын сынап, килемге чыгышат.
7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Амантур Исмаилов атаандаштарына каршы турат.
8-августта килем үстүндө эркин күрөш боюнча 57 кг салмактагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бекзат Алмаз уулу чыгып, намыс талашат.
Ал эми 9-августта Париж олимпиадасында алтын медаль утууга бел байлаган кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова атаандаштары менен күч сынашат. Ушул күнү эркин күрөштөн оор салмакта Азия чемпиону Айаал Лазарев да күрөшөт.
10-августта эркин күрөш боюнча 65 кг жана 76 кг салмактарда кыл чайнашкан таймашуулар болот. Бул күнү Кыргызстандын намысын дүйнө чемпионаттардын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев менен кыздар күрөшүндө дүйнө чемпионаттардын күмүш жана коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Айпери Медет кызы коргоп, байгелүү орундар үчүн күч сынашат.
Ишенимди ушул балбандарыбыз гана актаганы тургандыктан, сүрөөнгө алып, колдоп туралы.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер