ПАРИЖ 2024: КУБАНЫЧБЕК АЙБЕК УУЛУ АТААНДАШЫНА АЛДЫРЫП КОЙДУ
- 28.07.2024
- 0
28-июлда Париж жайкы Олимпиада оюндарындагы дзюдо күрөшү боюнча 66 килограммга чейинки салмакта Кубанычбек Айбек уулу 1/16 финалда алгачкы атаандашы 2022-жылкы Европа чемпиону,украиналык Богдан Ядов менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартып калды.
Кубанычбек мелдештин алгачкы мүнөттөрүндө упай алууга аракет кылып, чабуулга өтүп жаткан. Тажрыйбалуу атаандашы анын каталыгынан пайдаланып, күч сынашуунун акырында “иппон” ыкмасы менен утуп алды. Ушундай жыйынтыктар менен украиналык Богдан Ядов финалга чыкса, анда Кубанычбектин жооткотуучу таймашууга жолу ачылып, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк болушу ыктымал.
Кечээ 60 салмакта Айдың Смагуловдун шакирти казакстандык Элдос Сметов олимпиада чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, бүгүн дагы бир казакстандык Р. Кыргызбаев алгачкы беттеште жеңишке жетти.
30-июлда Париж жайкы Олимпиада оюндарындагы сууда сүзүү боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештерине кыргызстандык суучул, Азия чемпиону Денис Петрашов катышып, 200 метрге брасс ыкмасында мөрөй талашат. Ал 27-июлдагы сууда сүзүү боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде өлкө намысын коргоого аракет кылып, 23-орун менен чектелген. Денис эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасындагы сүзүүдө өзүнүн тобундагы сегиз атаандашынын акыркысы болуп келип, (1 мүнөт 0,42 секунд) кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актай алган эмес. Бул жыйынтык менен ал жарым финалга чыкпай калган. Үч жолу олимпиадалык оюндарга катышып жаткан, Америка Кошмо Штаттарында дяардык көргөн Денис Петрашовдун дарамети жана өнөрү дагы сыноодон өткөнү турат.
Ал эми 31-июлда дзюдо боюнча 90 кг салмакта олимпиадалык таймашууга дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров катышат. Анын 1/32 финалдагы алгачкы атаандашы кубалык Силва Моралез болмокчу. 28 жаштагы Силва Пан Америка оюндарынын үч жолку чемпиону, Пан Америка чемпионатынын беш жолку жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси болуп саналат. Ошондой болсо дагы Кыргыз туусун Париж олимпиадасынын ачылыш аземинде көтөрүп чыккан Эрлан Шеровго үмүт артып, колдоого алып туралы. Балким жылдызы жанып, байгелүү орундарды багынтып калаар. Дзюдо боюнча таймашуулар бишкек убактысы боюнча 14:00дө башталат.
Учурда 3 алтын, 2 күмүш медаль уткан Австралиянын командасы сап башында турат. Экинчи катарда 3 алтын, 1 коло байгелүү болгон Кытай Эл республикасынын командасы турат. Түштүк кореялык спортчулар 2 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль утуу менен үчүнчү орунда. Оюн ээси Франция 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло байгелүү болуп, учурда 5-орунда келүүдө. Борбор Азиядан Казакстан командасы 1 алтын, 1 коло медаль утуп, 6-орунда турат.
26-июлда Парижде башталган Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 205 өлкөдөн 10 миң 500дөй спортчу мелдешке катышып жатат. Жалпы 32 спорт түрүнөн 329 комплект медаль үчүн таймашуулар курч мүнөздө болмокчу. Ушуну менен Париж шаары Лондондон кийин үчүнчү ирет Олимпиада оюндарынын отун жандырып жатат. Бул шаарда жайкы Олимпиада оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.
Кыргызстандан бул олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Эки суучулду кошпогондо алардын ону балбандар, экөө дзюдочу, бирден жеңил атлетчи жана мушкер болуп саналат. Кыргызстандык балбандар учурда Ысык-Көлдө соңку даярдыктарын көрүп, 1-августта Париж шаарына учуп барышат.
Кыргызстандык спортчуларды сүрөөнгө алып, колдоп туралы.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер