ПАНФИЛОВ РАЙОНУНУН МУГАЛИМДЕРИНЕ «АЛТЫН КАЗЫК» НОУТБУКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 19.11.2026
- 0
18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан «Алтын казык» программасынын алкагында бөлүнгөн 50 даана ноутбук Панфилов районунун жалпы билим берүү мектептеринин кыргыз тили жана адабияты, ошондой эле география мугалимдерине тапшырылды. Бул тууралуу Панфилов райондук билим берүү бөлүмү кабарлады. 
Ноутбуктарды мугалимдерге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Ю. Масаидов салтанаттуу түрдө тапшырды. Райондогу Орозалы Текеев орто мектебинин кыргыз тили мугалимдери да 2 ноутбук алышты. 
Аталган демилге педагогдордун ишмердүүлүгүн санариптик технологиялар менен камсыздоого, окуу-тарбия процессинде заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды натыйжалуу колдонууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Мугалимдерди колдоо жана тармакты санариптештирүү багытындагы мындай кадамдар билим берүү сапатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»