ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ НАМАНГАНДА ПРАКТИКАДА

  • 12.04.2023
  • 0

Жеңил-өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын костюм, текстиль искусствосу жана жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жаткан студенттер Өзбекстандын Наманган шаарындагы инженердик-технологиялык институтунда практикадан өтүштү.  

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ НАМАНГАНДА ПРАКТИКАДА

Эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, ОшТУнун практика башчысы М. К. Ибраеванын жетекчилигинин алдында аталган кафедранын курамы менен студенттер биргеликте эки күндүк сапарда болушту. Алгач Наманган инженердик-технологиялык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, “ISTIKBOL”, “DIZAIN” өндүрүштүк? булгаары иштетүүчү ишканаларына барып, практикадан өтүштү.

НИТИнун жеңил өнөр-жай факультетинин жалпы жамаатына жана студенттерине ОшТУнун окутуучусу Ж. Оморов доклад окуп, окуу жайдагы даярдалып жаткан багыттар, материалдык-техникалык базасы, байланыштары, жеңил өнөр-жай технологиясынын багыты тууралуу кеңири маалыматтарды берди.

 Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер