ОШТУнун СТУДЕНТТЕРИ GLOBAL UGRAD ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
- 16.09.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин студенттерине Kalpak English Academyнин директору Ноа Братчер студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзгөн Global UGRAD алмашуу программасы жөнүндө маалымат берди. Бул программа студенттерге АКШда бир семестр акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
ОшТУнун басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, жолугушуу студенттер үчүн эл аралык билим алууга багытталган маанилүү маалымат булагы болуп калды. Ноа Братчер программага катышуу шарттары, тандоо процесси жана документтерди туура даярдоонун жолдору тууралуу айтып, студенттерге даярдык көрүүгө жеке жардам көрсөтө турганын белгиледи.
Америка маалыматтык ресурстук борборунда өткөрүлгөн бул семинар аны Компьютердик логистика (КЛ) кафедрасы 1- жана 2-курстардын студенттери үчүн уюштурду. Студенттер семинарда программа тууралуу кенен маалымат алып, документтерди даярдоого байланыштуу практикалык кеңештерди алышты.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”



Комментарийлер