ОшТУнун СТУДЕНТТЕРИ БИЗНЕС БАШТООНУН ЖОЛДОРУН ҮЙРӨНҮШТҮ

  • 26.01.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин  экономика жана финансы кафедрасынын студенттери үчүн «Кепилдик фонду — чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн куралы» аттуу конок лекция уюштурду.

ОшТУнун СТУДЕНТТЕРИ БИЗНЕС БАШТООНУН ЖОЛДОРУН ҮЙРӨНҮШТҮ

Анда “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров фонд тууралуу жана Ош облусундагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана Кыргыз Республикасынын экономикасына чоң салым кошуп, ийгиликтүү иштеп келе жаткан ишкерлер жөнүндө  кенен маалыматтар берди. Студенттерди билим алуу үчүн эмнеге умтулуу керектигин, убактыларын туура бөлүштүрүү, долбоорлорго активдүү катышуу, чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларда стажировкалардан өтүү, чет тилдерин, маалыматтык технологияны терең өздөштүрүү, интернет ресурстарындагы кайсы маалыматтык базалар менен иштөө, студенттердин өз алдынча иштөөдө эмнеге көңүл буруу зарыл экендигин дагы айтып берди. Иш-чара суроо жооп менен коштолду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер