ОШТУнун СТУДЕНТИ ДҮЙНӨЛҮК СУЛУУЛУК СЫНАГЫНДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШТИ
- 20.01.2021
- 0
Орусиянын Москва шаарында өткөн «World Beauty — 2020″ сынагына Кыргызстандын атынан катышкан Татына Жусупова «Miss Asia Beauty — 2020″ наамына татыды.
Татына беш бир туугандын улуусу. ОшТУда 3-курста окуйт, 20 жашта. Онлайн окуп жаткандыктан Москвада сулуулук салонунда иштеп жаткан. Аталган конкурска онлайн катышып, өтүп кеткен. Финал Москва шаарында 14-17-январда өттү.
Бөлүшүү
Комментарийлер