ОШТУНУН СТУДЕНТИ ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР БОЮНЧА ҮЧҮНЧҮ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

  • 03.05.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде корей тилинен чечендик өнөр боюнча өткөрүлгөн конкурста ОшТУнун студенти Аида Турсуналиева үчүнчү орунга ээ болду.

Конкурс Бишкек шаарындагы Корей билим берүү борбору жана Кыргыз Республикасынын корей профессорлор ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген корей тилин үйрөнүүчүлөр чечендик өнөр боюнча күч сынашты. ОшТУнун Корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг мырзанын жетекчилиги астында конкурска даярданган студенттер сынактын шартына ылайык көрүүчүлөргө корей тилинде ырларды айтып, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарып берди.

ОШТУНУН СТУДЕНТИ ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР БОЮНЧА ҮЧҮНЧҮ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Корей борбору биздин окуу жайда мындан бир топ жыл мурун ачылып, Корей тилин студенттерге, окуучуларга үйрөтүүдө көптөгөн иштерди аткарып келет. Бул борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылган. Ошондой эле, бул борбор аркылуу ОшТУнун студенттери Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимдерин улантууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер