ОШТУНУН ОКУТУУЧУСУ “ЭҢ МЫКТЫ БАЯНДАМАЧЫ”

  • 11.06.2024
  • 0

ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди.

ОШТУНУН ОКУТУУЧУСУ “ЭҢ МЫКТЫ БАЯНДАМАЧЫ”

Конференцияда Надилбек кызы Бегимайдын ““Бала” концептине мүнөздүү болгон баталар” жана “Улуттук маданияттын өзөгү — сөз, касиети — бата” деген темаларда жасаган баяндамалары мыкты деп табылып, автор “Эң мыкты баяндамачы” деп аталды.

Иш-чара Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген мугалим, ф.и.к., доцент Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата уюштурулган.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер