ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ РОБОТ ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
- 03.02.2020
- 0
Ош технологиялык университетинде «STEAM — 21-кылымдын жөндөмдөрүн өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан семинар жыйынтыкталды.
Иш-чарада окуу жайдын окутуучуларына робот техникасынын негизги принциптери боюнча тренинг өткөрүлүп, практикалык иштер жасалды. Эми алар алган билимдерин кайра студенттерине беришип, роботторду проектирлөө, конструктурлоо жана программалоо жөндөмдөрүн арттырууга пайдаланышат.
Бул долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, «YOUTH of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда. Семинарды долбоорунун координатору Алимжан кызы Төрайым жана “РобоСкай” жоопкерчилиги чектелген коомунун мугалими Сүйүнбаев Нуржигит өттү.
Бөлүшүү
Комментарийлер