ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СТУДЕНТТЕРИ ДОЛБООРГО КАТЫШУУДА

  • 08.12.2022
  • 0

ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СТУДЕНТТЕРИ ДОЛБООРГО КАТЫШУУДА

ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери онлайн окутууга катышып жатат.

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент  Ирматова Жылдыз студенттери менен биргеликте Кыргызпатент тарабынан жарыяланган «40 айыл, 40 долбоор» аттуу социалдык долбоорго катышып, сунуш кылынган 98 иштин ичинен тандалып 2-турга өттү.

Мында Кыргызстандын жети облусунун ар түрдүү аймактардан тандалып алынган долбоорлор үчүн 7-декабрдан баштап Кыргызпатент тарабынан акселерациялык окутуу өтүүдө. Акселерациялык окутуунун мөөнөтү эки ай. Бул аралыкта бизнести өнүктүрүү, уюштуруу жана финансылык сабаттуулук боюнча дасыккан тренер, кеңешчилер сабак өтүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер