ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ИСПАНИЯДА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

  • 17.11.2021
  • 0

Ош технологиялык университети Еrasmus+ долбоорунун алкагында Борбордук Азияда Big Data Intelligence (ELBA) программасы боюнча, Евробиримдиктин талаптарын канааттандырган өнөктөш өлкөлөрдүн билим берүү министрликтери жана жогорку окуу жайлары менен кызматташып, алгылыктуу иштерди алып барып барууда.

Бул долбоордун негизги максаты:

  • Билим берүү мекемелерин, бизнес чөйрөсүн ЕБ тажрыйбасынын негизинде жогорку эффективдүү заманбап чоң маалыматтарды иштетүүчү (IBDA) каражаттары менен камсыздоо жана “Цифралык Кыргызстан” программасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу;
  • IBDA чөйрөсүндө жогорку кесипкөй адистерди даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

2020-2021-календардык жылдары үчүн долбоордун алкагында бир канча окуу курстары каралган жана профессордук-окутуучулук курамдан атайын адистештирилген топтор түзүлгөн.

Алгачкы иш сапар Сантьяго-де-Компостелла университетинде (Испания) болуп, Ош технологиялык университетинин атынан маалымат технологиялары жана башкаруу кафедрасынын доценти Кокозова Айнагүл, информатика кафедрасынын ага окутуучусу Бекташева Роза, информатика кафедрасынын магистранты, окутуучу Кулматова Нурила эки жумалык окуу курсуна барып, тажрыйба топтоп келишти.

Иш сапарлардын жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Big Data Mining (IBDA) программасынын инженердик адистеринин академиялык потенциалын жогорулатууга багытталган “Чоң маалыматтарды интеллектуалдык талдоо боюнча” модулдук курстардын дисциплиналар аралык пакети иштелип чыгат.

Бөлүшүү

Комментарийлер