ОШТУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ СЫНАК АЛУУ ЭЛЕКТРОНДОШТУ

  • 27.10.2018
  • 0

Ош шаарындагы мектептерде окуучулар тапшырган сынактар электрондук ыкма менен текшерилип, жыйынтыгы заматта чыгууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгын адиси Н. Касымбаев билдирди. Маалыматка ылайык бул ыкма атайын программа менен ишке ашып, окуучулардын диагностикалык сынагында пайдаланылууда.

ОШТУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ СЫНАК АЛУУ ЭЛЕКТРОНДОШТУ

— Сынакты электрондук ыкма менен жыйынтыктап берүүчү программаны өткөн жылдары шаардык сынактарда пайдалансак, бул жылы мектептердин өзүндө да пайдалана башташты. Учурда мектептерибиз бул программаны окуучулардын 1-чейректеги диагностикалык сынагында колдонушууда. Мындагы негизги максатыбыз – билим берүү мекемелеринин иштерин электрондоштуруу аркылуу, сынактардын жыйынтыгын ыкчам жана адилеттүү чыгаруу. Азыркы учурда бул ыкманы эң оболу информатика предметинин мугалимдери өздөштүрдү, буюрса башка предметтин мугалимдерине да усулдук жардамдар берилет, — дейт Н. Касымбаев.

ОШТУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ СЫНАК АЛУУ ЭЛЕКТРОНДОШТУ

Эске сала кетсек, Ош шаарындагы окуучулардын предметтик олимпиадасы баш болгон шаардык деңгээлдеги башка сынактар башкармалык тарабынан электрондук ыкмада өтүп келсе, эми бул мектептердин деңгээлинде да практикаланууда.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер