ОШТУН КОМАНДАСЫ АЛДЫДА

  • 22.11.2022
  • 0

ОШТУН КОМАНДАСЫ АЛДЫДА

Бишкек шаарында программисттер арасында өткөн сынакта Ош шаарынан барган студенттер командасы жеңишке жетти.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом” долбоорунун алкагында “Мейкатон — 2022” деп аталган сынакка Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында программалоо багытында билим алып жаткан студенттерден куралган топ катышты. Топту ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучулары жетектеп барды. ОшТУдан киберентика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Азаматов Арген команданын арасында болуп, алар менен биргеликте конкурстун шартына ылайык балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана ыңгайлаштырууга ылайыкташкан программа жасап чыгышты.

ОШТУН КОМАНДАСЫ АЛДЫДА

Конкурста өлкөнүн бардык аймактарынан барган тогуз команда ат салышты. Жыйынтыгында Ош шаарынан барган команда биринчи орунду багындырып, акчалай сыйлыкка ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер