ОШТУГА ТҮШТҮК КОРЕЯ МАМЛЕКЕТИНЕН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

  • 30.06.2023
  • 0

Түштүк Корея мамлекетинин Суңшил университетинен 23 адамдан турган делегация ОшТУга жайкы лагерге келишти.

ОШТУГА ТҮШТҮК КОРЕЯ МАМЛЕКЕТИНЕН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Ош технологиялык университетиндеги Сежон Хагдан корей тили борборунун уюштуруусу менен жыл сайын өткөрүлүп келаткан иш-чара быйыл 8-июлга чейин уланмакчы. Делегация мүчөлөрү биринчи кезекте корей борборунан тил үйрөнүп жаткан студенттерге жана окуучуларга корей тилинде сабак өтүшөт. Андан тышкары, эки элдин маданиятын даңазалоо жана эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында ар кандай оюн-зоок программалары уюштурулмакчы.ОШТУГА ТҮШТҮК КОРЕЯ МАМЛЕКЕТИНЕН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Ош технологиялык университети бир нече жылдан бери Түштүк Корея мамлекети менен тыгыз байланышта иш алып барат. Эки тараптуу түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча бир нече студент Кореянын жогорку окуу жайларынан билим алып келген эле. Азыркы учурда дагы биздин университеттин студенттери ал жактан билимдерин улантууда.

 

ОШТУГА ТҮШТҮК КОРЕЯ МАМЛЕКЕТИНЕН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Бөлүшүү

Комментарийлер