ОШТУДА “ЖАШЫЛ ИМАРАТ” ЛАБОРАТОРИЯСЫ ТҮЗҮЛӨТ

  • 05.02.2024
  • 0

ОшТУ менен Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду.

Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин өкүлдөрү расмий иш сапар менен келди.

ОШТУДА “ЖАШЫЛ ИМАРАТ” ЛАБОРАТОРИЯСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Делегация менен ректор Ж.Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Акматалиев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ш.Нармирзаева жолугуп, пикир алышты.

ОШТУДА “ЖАШЫЛ ИМАРАТ” ЛАБОРАТОРИЯСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Жолугушууда “Бир алкак — бир жол” эл аралык программасынын алкагында “Жашыл имарат” темасы боюнча биргелешкен лаборатория түзүү боюнча келишимине кол коюлду. Ошондой эле “Бир алкак — бир жол” багыты боюнча шаар курулушун өнүктүрүүнү илгерилетүү, туруктуу өнүгүүгө жана экологиялык цивилизацияны курууга көмөктөшүү, глобалдык адам жашоо чөйрөсүнүн туруктуу өнүгүүсүнө биргелешип салым кошуу боюнча макулдашуулар жүрдү.

“Жашыл имарат” — келечектеги курулушту өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер