ОШТУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

  • 17.08.2023
  • 0

ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун 2023-2024-жж. жаңы окуу жылына даярдыгы, абалы менен таанышып чыкты.

Анын жүрүшүндө аталган окуу жайда жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүп жаткандыгына күбө болду. Ректор андагы жалпы абал менен таанышып чыккан соң, бир канча тапшырмаларды берди.

Учурда окуу жайдын оңдоп-түзөө иштерине жана жылытуу системасына Азия өнүктүрүү банкынын «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун пилоттук окуу жайы катары 4 541 925 сом бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери аягына чыгуу баскычына келип калды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер