ОШТУДА СПАРТАКИАДА СТАРТ АЛДЫ

  • 19.10.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде студенттердин биринчи курстар аралык XXII cпартакиадасы башталды.

Аталган спорттук иш-чарада спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн биринчи курстардын ортосунда мелдеш өткөрүлөт. Жыл сайын салтка айланган бул мелдешке университетке жаңы келген биринчи курстардын гана студенттери катышат. Келечекте окуу жайдын спорттук мелдештерде намысын коргоочу курама командага тандап алуу бул спартакиаданын жыйынтыгы менен аныкталат. Мындан сырткары, студенттерди дени-сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Комментарийлер