ОШТУДА “САБАТТУУ БОЛ” АКЦИЯСЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ
- 31.10.2023
- 0
Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин катышуусунда “Сабаттуу бол” акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
ОшТУнун мамлекеттик тил бөлүмү уюштурган бул саамалык 2023-жылдын 30-октябрь күнү экономика жана башкаруу, автоунаа жана тейлөө факультеттеринин окутуучу-профессордук курамына жаздыруу менен башталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндөгү” программасын ишке ашыруу буйругунун негизинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы тескемесине ылайык КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында мамлекеттик тил бөлүмүнүн иш планына ылайык окуу жайдын кызматкерлеринин сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.
Жат жазуу саамалыгына катышкандардын жазган иштери адистердин текшерүүсүнөн өтүп, мыкты жазган кызматкерлер жыйынтыгында атайын сыйлыктар тапшырылмакчы.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер