ОШТУДА «ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАЛАРДЫ ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН VII МЕКТЕБИ» ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
- 19.06.2026
- 0
2026-жылдын 18-июнунда Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Жогорку аттестациялык комиссиясынын уюштуруусу менен «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектеби» өз ишин баштады.

Маалыматка таянсак, эки күнгө созулуучу мектептин алкагында илимий кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери, диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, илимий эмгектердин сапатын жогорулатуу, эл аралык илимий журналдарга макала даярдоо, жасалма интеллекттин илимдеги орду жана илимий иштердин оригиналдуулугун камсыздоо сыяктуу маанилүү темалар боюнча баяндамалар жасалууда.

Мектептин жүрүшүндө катышуучулар үчүн практикалык машыгуулар, талкуулар жана суроо-жооп форматындагы жолугушуулар уюштурулуп, тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында ОшТУнун институттары жана адистиктери өздөрүнүн илимий жетишкендиктерин, инновациялык долбоорлорун жана окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн чагылдырган көргөзмөлөрүн тартуулашты. Коноктор университеттин илимий потенциалы жана заманбап иштелмелери менен таанышышты.

Катышуучулар үчүн улуттук каада-салттарды жана кыргыз элинин маданиятын даңазалаган этно-фуршет уюштурулуп, улуттук тамак-аштар сунушталды.
Иш-чаранын негизги максаты – жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүү, алардын изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана өлкөдөгү илимдин сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
«Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектеби» 2026-жылдын 19-июнуна чейин өз ишин улантат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер