«Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун» директору Чыңгыз Узакбаев жаңы EDUGATE бирдиктүү санариптик платформасы ишке киргизилгенин билдирди. Анын жардамы менен чет өлкөлүк абитуриенттер документтерин онлайн тапшырып, арызынын жүрүшүн көзөмөлдөп, виза жана медициналык камсыздандыруу кызматтарын да бирдиктүү система аркылуу ала алышат.
Брифингде маалымдалгандай, өлкөгө келиши күтүлүп жаткан 40 миң студенттин 18 миңге жакыны Индиядан, калгандары Өзбекстан, Казакстан жана башка мамлекеттерден болот.
Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүү билим берүү кызматтарынын экспортун өнүктүрүүгө, жогорку окуу жайлардын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкө экономикасына кошумча киреше алууга өбөлгө түзөт.
Комментарийлер