МЫКТЫЛАРГА СЫЙ-УРМАТ

  • 10.07.2026
  • 0

Сокулук райондук билим берүү бөлүмү 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгында билим берүү тармагында ийгилик жараткан окуучуларды, мугалимдерди жетишкендиктери менен куттуктады. Иш-чарага Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Илияз Ташкулов, район аймагындагы бардык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер, ошондой эле 2025–2026-окуу жылындагы Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр катышты.

Быйыл Сокулук районунда аяктаган окуу жылынын жыйынтыгында Жалпы республикалык тестирлөөдөн 18 бүтүрүүчү 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөттү. Анын ичинен эки бүтүрүүчү 228 баллга ээ болгон. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги алдыңкылардын жеңишин салтанаттуу түрдө куттууктап, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттарды, баалуу белектерди тапшырды.

Ушундай эле урмат-сыйга республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды ээлеген окуучулар, “Жылдын мыкты мугалими-2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” конкурсунун облустук турунун жеңүүчүлөрү жана ошондой эле педагогикалык кызматкерлер арасында өткөрүлгөн республикалык ден соолук жана спорттук спартакиадада ийгилик жараткан мугалимдер да сыйланышты.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 222 балл алган Бекзат Рысбеков Сокулук районундагы К.Тыныстанов атындагы мектепти аяктады. Ал келечекте дарыгер болууну кыялданат. Бекзат ага ЖРТга даярданууга эң биринчи ата-энеси, мектеп эң чоң колдоо көрсөткөнүн айтты. Алдыдагы кыялдарына жетүү үчүн ар кандай курстарга барып даярданган Бекзат курбуларына эрте даярданууну жана дайыма өзүнө бекем ишенүү керектигин билдирди. Ушундай эле дарыгер, тагыраак айтканда тиш догдур болгусу келген Алима Каналбекованын апасы Айгүл Садырова да эң биринчи бала өзү өзүнө бекем ишенип, даярдыкты эртерээк баштоосу керек деп эсептейт. Анын кызы Алима жаңы окуу жылы башталганда эле даярданып жүрүп, январь айынан тарта даярдыкты күчөткөнүн, адам алдыга койгон максатына окуу, окуу жана окуу менен гана жетише аларын, биринчи кезекте өзүнө, ага ишенген жана колдоо көрсөткөн ата-энесине далилдегенине ыраазы.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында райондогу 50 мектептен быйыл 2726 окуучу ЖРТга катышып, 50 пайызы 110 баллдан ашык көрсөткүчкө жетишкен. Ал өзүнүн сөзүндө окуу жылынын жыйынтыгында ийгиликтерди жараткан окуучулардын жана мугалимдердин жетишкендиктерин салтанаттуу түрдө белгилеп, аларга баалуу сыйлыктарды тапшыруу сунушун колдогон райондун акими Илияз Ташкуловго ыраазычылыгын айтуу менен, облустагы эң чоң аймактуу райондун окуучулары келечекте билим берүүдө мындан дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө бардык аракеттерди көрүшөрүн билдирди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер