ОШТУДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 23.09.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленип, бул маанилүү майрамга арналган иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Иш-чаранын ачылышында Мамлекеттик тил гимни жана Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Андан соң окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов ачып, мамлекеттик тилдин ар бир жаран үчүн мааниси тууралуу ой бөлүштү. Ал эми мамлекеттик тил боюнча проректор Ашим Зулпуев сөз сүйлөп, кыргыз тилин улуттун духаний байлыгы, мамлекеттүүлүктүн тиреги катары белгилеп өттү.

Майрамдык иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты. Программада мамлекеттик тилге арналган көркөм окуулар, обондуу ырлар, комуздун мукам күүсү жана кыргыз бийлери аткарылып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.

ОшТУнун жамааты бул күндү ар жыл сайын жогорку маанайда өткөрүү менен мамлекеттик тилди урматтап, анын коомдогу ордун чыңдоого өз салымын кошуп келет.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер