ОШТУДА КЫЗДАРДЫН УКУГУ БОЮНЧА ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТТҮ

  • 10.05.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде “Кыздарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук жана ар бир кыз өз укугун билүүсү керек!” деген темада семинар уюштурулду.

Иш-чара технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин аялдар кеңешинин төрайымы Абдыкалыкова Назгул жана  кыздар кеңешинин төрайымы Бегалиева Жаңылай тарабынан уюштурулуп, бизнести башкаруу  жана социалдык иш кафедрасынын окутуучусу Темирбаева Санакан, жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын окутуучусу Сыдыкбаева Кичаим, факультеттин методисти Тешебаева Майрамкан, Ош шаардык ички иштер бөлүмү боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмчөсүнүн улук инспектору, милициянын лейтенанты Жунусали кызы Наргиз, милициянын старшинасы Калмуратов Кутманбек, милициянын сержанты Бакиров Саматбек жана окуу жайдын студенттери катышышты. Семинардын жүрүшүндө коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аялзатынын укугу, коомдогу орду боюнча маселелер, сунуштар, пикирлер айтылып, ачык талкуу болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер