ОШТУДА ГЕРМАНИЯ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ (GIZ) СЕМИНАР УЮШТУРДУ

  • 13.02.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинде Германия кызматташтык уюму  (GIZ) менен бигеликте үч күнгө пландалган “Логистика” багыты боюнча семинар болду.

Семинардын максаты – иш берүүчүлөр менен университеттин кызматташуусун баштоо жана “Логистика” багыты бонча окуп жаткан студенттерди өндүрүштүк практикадан өткөрүү, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоо болуп саналат.

ОШТУДА ГЕРМАНИЯ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ (GIZ) СЕМИНАР УЮШТУРДУ

ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев Түштүк Кыргызстандагы 18 өндүрүштүк ишкана (фермердик, тамак-аш, кайра иштетүү, үрөн өндүрүү, кампаларды түзүү ж.б.) боюнча кызматташуу келишимине кол койду.  Ал Берлин шаарынан келген профессор Френк Гиллерттин ишканалардын менеджерлерине, университеттин окутуучулары үчүн уюштурулган усулдук семинарына катышты.

Ош технологиялык университетинин менеджмент кафедрасы Германия кызматташтык уюмунун “Логистика боюнча кооперативдик программа түзүү” долбоорун утуп алган. Бул иш-чара ошол аталган долбоордун алкагында өтүүдө.

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер