ОШТУДА ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 23.12.2021
  • 0

22-декабрь – Энергетиктердин күнүнө карата Ош технологиялык университетинин энергетика факультети тарабынан майрамдык салтанат өткөрүлдү. Ага университеттин жетекчилиги, энергетика факультетинин жамааты, студенттер, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин, Ош-Электро ачык акционердик коомунун, Ош жогорку чыңалуу ишканасынын жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында энергетика факультетинин деканы Маматөмүр Токоев сөз сүйлөп, бул кесиптин бүгүнкү күндө эң керектүү, келечектүү, кесип экендигин белгилеп, тармакта эмгектенген адистер азыркы мезгилде Кыргызстандын өндүрүшүнүн эң оор тармагында эмгектенип жаткандыгына токтолду.

Университет жетекчилиги, Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык кеңеши тарабынан факультетте эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын мыкты ийгилик жараткандарына, окууда жана факультеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан алдыңкы студенттерге Ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары, энергетика тармагындагы мекеме-ишканалардан келген иш берүүчүлөр студенттерди жумушка чакырып, кызматташууга даяр экендиктерин билдирип кетишти. Факультетти бүтүрүп, учурда өз кесиби менен үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр өз кезегинде кутуктоо сөздөрүн айтышып, факультетке арнаган белектерин тапшырышты. Майрамдык салтанат маанайды көтөргөн жагымдуу музыка, концерттик программа менен коштолду.

Мамлекеттин энергетика тармагын өнүктүрүп, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Ош технологиялык университетинин энергетика факультети жогорку квалификациялуу энергетика багытындагы адистерди даярдап келет.

Факультет 2021-жылы Эл аралык аккредитациядан беш жылга ийгиликтүү өтүп, факультеттин бүтүрүүчүлөрү чет мамлекетте иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер